Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Президент: добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык саясий партияларды жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди үгүт иштеринде мыйзамды так сактоого чакырды. Бул тууралуу ал 1-сентябрда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Саясий күчтөрдүн аракеттери өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукка залал келтирбеши зарыл. Өзүнүн жеке дымагы үчүн коомдук коопсуздукту коркунучка туш кылууга жана Кыргызстандын элин бөлүп-жарууга эч кимге жол берилбей турганын эстен чыгарбаш керек», - деди Жээнбеков.

Президент шайлоочулардын добуштары үчүн күрөштү компроматтарды таратуу, «булганыч» технологияларды колдонууга эмес, программалардын атаандаштыгына негиздеп өткөрүүгө чакырды.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузууга, шайлоочулардын добушун сатып алуу фактыларына каршы чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

«Сиздердин акыл калчап, кыраакылык менен кабыл алган чечимиңер мамлекетибиздин келечегине түздөн-түз таасир этет. Мен жарандарыбызды добуштарын сатпоого чакырам», - деп элге кайрылды ал.

Андан тышкары өкмөт шайлоону өткөрүүдө Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жардам көрсөтүп, шайлоо күнүндө жана үгүт мезгилинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылыш керек экенин айтты.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 17 партия БШКга документ тапшырган. «Кыргызстан» партиясын каттоо ишинде маселе жаралып, БШК менен сөз болуп жаткан партия Жогорку сотто соттошууда. Эреже боюнча партиялар үгүттү шайлоого бир ай калганда, 4-сентябрда башташы керек. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Жарандык активисттер, шайлоого бараткан айрым партиялардын өкүлдөрү шайлоо баштала элек жатып добуш сатып алуу, адамдарды массалык түрдө башка жерлерге каттоо жана алардын паспортторун чогултуу иштери болуп жатканын эскертишүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG