Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

«Кайыкта» фильми Даниядагы фестивалда мыкты деп табылды


«Кайыкта» фильминен кадр.
«Кайыкта» фильминен кадр.

Кыргызстандык режиссёр Байзак Маматалиевдин «Кайыкта» деген фильми Даниядагы эл аралык кыска метраждуу тасмалар фестивалында сыйланды. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясы кабарлады.

«Odense International Film Festival» 24-30-августта өтүп, кыргыз режиссёрунун тасмасы «Мыкты сценарий» багытында жеңүүчү деп табылды.

14 мүнөттүк фильмдин каарманы - көлдө кайык менен адамдарды ташып жан баккан 25 жаштагы мусулман жигит. Христиан дининдеги кош бойлуу аялды кайыкка салып, бир жээктен экинчи жээкке алып баратканда толгоо башталып, жигит аны төрөтөт.

Тасманын сценарийин Темир Бирназаров менен Байзак Маматалиев жазган.

«Odense International Film Festival» 1975-жылдан бери жылына августта Оденсе шаарында өтөт. Ага ар кайсы мамлекеттерден ондогон режиссерлордун эмгектери сунуш кылынат. (SE)

XS
SM
MD
LG