Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:03

Түркмөн бийлиги беткап тагынбагандарды пахта тердиртип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөн бийлиги өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Марый районунда беткап кийип жүрүү эрежесин сактабаган, буга байланыштуу айып төлөй албаган жарандарды пахта терүүгө жөнөтүп жатат. Ашхабад мындан да баш тарткандар эмгек лагерлерине мажбурлап жөнөтүлөрүн эскертти. Бул тууралуу «Азаттыктын» түрмөн кызматы өз булактарына таянып жазды.

Мындай адамдардын биринчи тобу пахта талааларына 30-августта жөнөтүлдү. Маалыматка караганда, алар бир күндө кеминде 20 килограмм пахта чогултушу керек. Эгер норманы аткара албаса пахта теримге дагы келет.

Түркмөнстанда коомдук жайларда беткап тагынбагандарга 60 манат (17 доллар) айып салуу август айынан башында башталган. Бийлик оозу-мурдун чүмкөө боюнча талапты «абада чаң көбөйгөнү» менен түшүндүргөн.

Түркмөнстан - коронавирус бар экенин ырастабаган Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө жападан-жалгыз өлкө. Июль айында бийлик бардык ири соода борборлорун, базарларды, көңүл ачуучу, оюн-зоок жайларын жана кызмат көрсөткөн ишканаларды 10 күнгө карантинге жапкан. «Азаттыктын» түркмөн кызматы, эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралыкты сактоо талап кылынганын жазган.

Ошол учурда ооруканалар пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калганы, медицина кызматкерлери илдеттен көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышканы айтылган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG