Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Белгилүү «I like to move it» ырынын автору Эрик Морилло көз жумду


Эрик Морилло (ортодо).

90-жылдары эл арасында популярдуу болгон «I like to move it» ырынын автору, америкалык диджей жана продюсер Эрик Морилло көз жумду. Анын сөөгү Майами-Бич шаарындагы үйүнөн табылганын жергиликтүү WPLG телеканалы полицияга таянып 1-сентябрда кабарлады.

Өлүмдүн чоо-жайы маалым эмес. Күбөлөрдүн айтымында, полиция далил зат катары бир канча мүшөктө буюмдарды алып кеткен.

Эрик Морилло быйыл августтун башында зордуктоо үчүн шектүү катары кармалып, күрөөнүн эсебинен бошотулган. 4-сентябрда алгачкы сот отуруму болмок.

49 жашында көз жумган артисттин жогоруда аталган ыры убагында хит-параддарда алдыңкы орундардан түшпөй турган.

Морилло абройлуу «DJ Awards» сыйлыгына алты жолу татыктуу болгон. Үч жолу «Эң мыкты эл аралык диджей», үч жолу «Мыкты диджей» наамын алган.

XS
SM
MD
LG