Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Өспүрүмдөр сууга чөккөн учурлар көбөйдү


Бишкектин четиндеги көлмөгө түшүп жаткан балдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин четиндеги көлмөгө түшүп жаткан балдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, август айында өлкө аймактарында төрт бала сууга чөгүп кеткен.

15-августта Аламүдүн районундагы «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 16 жаштагы кыз түшүп кеткен. Азырынча табыла элек.

26-августта Жайыл районунун Сары-Булак айылындагы каналга үч жашар кыз түшүп кеткен. Издөө иштери азырынча натыйжа бере элек.

Кочкор районундагы Теңдик айылында Чүй дарыясына 7-августта агып кеткен жети жаштагы бала да эмгиче табыла элек.

Ысык-Көлдөгү «Талисман» пансионатында 1-сентябрь күнү саат 16:25 чамасында 17 жаштагы улан көлгө чөгүп кеткен. ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн суудан таап, милицияга өткөрүп беришти.

ӨКМ сууга түшүүгө уруксат берилбеген жерлерде чөмүлбөш керек экенин, ата-энелерге жаш балдарын суудан этияттоо зарыл экенин эскертип келет.

Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери Кыргызстанда 60ка жакын киши сууга чөгүп каза болду. Былтыр 148 адам сууга чөгүп кеткен, алардын 25и 12 жашка чыга элек балдар болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG