Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Ошто 12 жаштагы кызды зордуктап жүргөн деп шек саналган адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-сентябрь күнү милицияга кыздын апасы кайрылып, 30 жаштагы бир тууган иниси 12 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн билдирген.

Жабырлануучунун адвокаты Мухайо Абдураупованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Адвокаттын маалыматына караганда, соттук-медициналык экспертиза кыз зордукталганын тастыктады.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Адвокаттын айтымында, учурда зомбулукка кабылган кызга психологиялык колдоо көрсөтүү аракети жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматына караганда, 2019-жылы зордуктоо боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 767 кылмыш иши катталса, анын 100ү гана сотко жеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG