Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Чечен лидеринин 21 жаштагы кызы министрдин орун басары болду


Айшат Кадырова.
Айшат Кадырова.

Чечен лидери Рамзан Кадыровдун тун кызы, 21 жаштагы Айшат Чеченстандын маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Кадыров мындай чечимин шейшемби күнү «Телеграм» аркылуу жарыялаганын «Азаттыктын» орус кызматы билдирди.

«Ал жаш болгонуна карабай өтө татаал жана масштабдуу долбоорлорду, анын ичинде маданият тармагындагы долбоорлорду башкарууда бай тажрыйбасы бар», деп жазган Кадыров.

Орусиянын курамындагы Чечен Республикасын көп жылдан бери жетектеп келе жактан Рамзан Кадыров быйыл март айында тун кызын «Чеченстанга сиңирген эмгеги үчүн» деген атайын медаль менен сыйлаган. Анда Айшат Кадырова «бул сыйлыкка маданият жана искусство тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» татыктуу болгону кабарланган.

Айшат Кадырова 18 жашка толгондон бери «Firdaws» мода үйүн жетектеп келет. Бул мода борборун апасы Медни Кадырова 2009-жылы негиздеген. 2019-жылы Орусиядагы «Ачык медиа» порталы Айшат Грозныйдагы ич кийим саткан дүкөнгө да ээлик кылаарын, бул дүкөндө сатылган товар үчүн дүмүрчөктөр берилбей турганын, мындан башка да бир нече мыйзамдар бузулуп жатканын жазып чыккан.

43 жаштагы Рамзан Кадыровдун 10 баласы (төрт уул, алты кызы) бар. Орус медиасы Кадыровдун тууган-туушкандары жогорку кызматтарды ээлеп турганын буга чейин бир нече жолу жазган. Бирок уул-кыздары мамлекеттик кызматка дайындалганы тууралуу кабарлар чыга элек болчу.

XS
SM
MD
LG