Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

Коопсуздук кеңеши: Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого кийлигише албайт


Коопсуздук кеңешинин отуруму. 1-сентябрь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин отуруму. 1-сентябрь, 2020-жыл.

Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрда өткөн жыйынындагы чечимге ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоого мамлекеттик кызматкерлер кийлигишүүгө акысы жок.

Коопсуздук кеңеши бул боюнча өкмөткө тапшырма берип, мамлекеттик кызматкерлер, аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, муниципалдык аймактык башкаруу органдары шайлоого кийлигише албай турганын түшүндүрүүгө милдеттендирди.

Ага ылайык, жетекчи кызматта отурган адамдарга:

- шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;

- шайлоо алдындагы үгүт иштерине кайсы бир партиянын же талапкердин кызыкчылыгына иштөөгө;

- кызмат абалын жана артыкчылыгын кайсы бир партиянын же талапкердин кызыкчылыгына пайдаланууга тыюу салынат.

Бул талаптарды аткарбай, шайлоо иштерине, үгүткө аралашып, кайсы бир партиянын жана талапкердин кызыкчылыгы үчүн иштеген, кызматын пайдаланган жетекчилерди «ишенимден кеткен» деген негиз менен дисциплинардык жана башка жоопкерчиликке тартуу, зарыл болсо кызматтан алуу сунушталган.

Мындан тышкары жарандардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана ишенимдүү адамдардын үгүт иштерин эркин жүргүзүшүнө бут тоспош керек экени эскертилген.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны 1-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен болуп өттү. Анда негизинен 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого даярдык, шайлоо өнөктүгүн өткөрүү маселеси каралган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG