Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Британ ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл фильм тартышат


Британ ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл.
Британ ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл.

Британ ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл продюсердик компания түзүп, «Netflix» сервиси менен эксклюзив макулдашууга кол коюшту. Компаниянын аталышы ачык айтылган жок.

Жубайлар даректүү жана көркөм фильмдерди, сериалдарды тартып, балдарга арналган программаларды даярдоону көздөп жатышат.

Алар быйыл 31-мартта расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, каржылык көз карандысыздык жарыялашкан жана АКШга көчүп кетишкен. Бирок Сассекс герцог жана герцогинялары титулун сактап калышкан.

Меган Маркл мурда актрисалык менен алектенген.

XS
SM
MD
LG