Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 22:17

Стамбулдагы башкы консулдуктун имаратында өрт чыкты


Стамбулдагы башкы консулдуктун имараты.

Бул тууралуу түркиялык «Ихлас» жаңылыктар агенттиги маалымат таратты. Кабарда 3-сентябрдын түнү Стамбулдун Таксим районунда жайгашкан Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун имаратында өрт чыкканы жазылган.

Маалымат агенттигинин тараткан видеосунда имараттын экинчи кабаты катуу күйүп, өрт өчүргүчтөр иштеп жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүү өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча өрттөн эч ким жабыркаган жок.

Башкы консулдуктун кызматкерлери азырынча комментарий бере элек.

Түркияда Кыргызстандын Анкарада элчилиги жана Стамбулда башкы консулдугу бар. (ElB)

XS
SM
MD
LG