Коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 оорусунан эч ким каза болгон жок. Жалпысынан илдеттен 1060 адам көз жумган.
Ал эми 3-сентябрга карата коронавирус жана пневмония 99 адамга жукканы аныкталды. Басымдуу бөлүгү Жалал-Абад жана Баткен облустарында. Алардын ичинен:
Бишкек - 17;
Ош – 2;
Чүй облусу – 3;
Ош облусу - 11;
Талас облусу - 6;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 16;
Жалал-Абад облусу – 20;
Баткен облусу - 20 киши.
Ушуну менен жалпы пандемия башталгандан бери илдетке чалдыккандар 44135 адамга жетти.
3-сентябрга карата 279 адам оорудан сакайып, бейтапканадан чыкты. Алардын ичинен:
Бишкек – 134;
Ош шаары – 8;
Чүй облусу – 13;
Ош облусу – 14;
Талас облусу – 11;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 29;
Жалал-Абад облусу – 24;
Баткен облусу – 42 киши.
Жалпысынан коронавирус жана пневмониялан 39 174 адам сакайды.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкери коронавирус жугузуп алганы катталган жок. Бир дарыгер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен тогуз медицина кызматкери жакшы болуп, ишине кайтканы кабарланды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3136 учур катталды, алардын ичинен 2506 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта катталган. (ZKo)