Өкмөттүк аппараттын 3-сентябрда тараткан маалыматына ылайык, COVID-19 пандемиясы башталган учурдан тартып 3-сентябрга чейин эл аралык донорлордон Кыргызстанга 334 миллион АКШ доллары келип түшкөн. Анын ичинен 205 млн. доллар сарпталды.
Өкмөттүн маалыматына караганда, бул каражаттан пандемияга каршы күрөшүүгө 27 млн. доллар, карантин маалында жакыр жашаган элге азык-түлүк, буудай сатып алууга жана социалдык төлөмдөрдү: пенсия, айлык акы, жөлөк пул ж.б. төлөөгө жумшалган. Калган 129 млн. доллары Улуттук банктын эсебинде.
Өкмөттүк аппарат маалымат каражаттарында жазылгандай, өлкөнүн тышкы карызынын миллиард долларга көбөйүшү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.
Маалыматта ошондой эле 100 млн. доллар Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан узак мөөнөттө төлөнүүчү акча катары берилгени, акчаны алуу жөнүндө сүйлөшүү февраль айында эле башталып, апрель айында парламент тарабынан жактырылганы тууралуу жазылган.
Өкмөттүк аппараттын тактоосу боюнча, бул каражат ичүүчү таза суу боюнча долбоорлорго; авариялык абалдагы мектептерди оңдоого, жаңы мектептердин курулушун аяктоого; ооруканаларды оңдоого жана курууга, медициналык жабдуу, дары-дармек менен камсыз кылууга; ирригациялык иштерге жана жолдорду оңдоо, калыбына келтирүү долбоорлоруна, ошондой эле ишкерлерди каржылоо программасын ишке ашырууга пайдаланылат.
Кыргызстандын Финансы министрлиги социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылыш үчүн 2020-жылы чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам аларын кабарлаган. (ZKo)