Стамбулдагы башкы консулдук өрттөн олуттуу зыян тартпаганын башкы консул Нурлан Абдырахманов «Азаттыкка» билдирди:
«Бизде баары жакшы. Консулдукка өрт келген жок. Өрт консулдук жайгашкан имараттын экинчи кабатында чыккан. Ал жер бизге тиешелүү эмес. Учурда шаардын өрт өчүрүү департаментинден өрттүн себеби эмне экенин күтүп жатабыз. Консулдукта жарык жок, бирок качан жарык келсе эле иштей баштайбыз».
Түркиялык «Ихлас» кабар агенттиги 3-сентябрдын түнү Стамбулдун Таксим районунда жайгашкан Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун имаратында өрт чыкканы кабарлаган.
Маалымат агенттигинин тараткан видеосунда имараттын экинчи кабаты катуу күйүп, өрт өчүргүчтөр иштеп жатканын көрүүгө болот.
Түркияда Кыргызстандын Анкарада элчилиги жана Стамбулда башкы консулдугу бар. (ElB)