Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:02

Мадумаров: Шайлоочуларды жапырт каттоого тургузууга жол берилбейт


Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

Кыргыз өкмөтү Мамлекеттик каттоо кызматына жапырт каттоо учурлары жөнүндө тиешелүү органдарга ыкчам түрдө кабарлооону тапшырды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров 3-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда каттоосу бөлөк жерде болуп, бирок өздөрү башка жерден шайлайбыз деген жарандар «Форма-2» документин толтуруп жатышат. Жапырт каттоого тургузууга жана бир үйгө ондон ашык адамды каттоого жол бербөө максатында өкмөттүн атайын буйругу чыкты.

«Эгерде мындай учур катталса, каттоо кызматкери дароо жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарына, БШКнын системалык администраторуна кабар жиберет. Демек, мындай учурду тезинен жок кылууга жана тиешелүү чара көрүүгө болот. Шайлоо күнү жүйөлүү себептер менен башка добушканаларда добуш берүүгө мажбур болгон шайлоочулардын укугун камсыздоо максатында мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар эске алынган. Ошону менен бирге терс ой менен жарандардын паспортун алып, туура эмес иштерди жасаса чара көрүлө турганын эскертебиз», - деди Мадумаров.

Кыргызстанда жетинчи чакырылышка депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот. Расмий маалымат боюнча бүгүнкү күнгө карата шайлоочулардын саны үч миллион 451 миң 486 жаранды түздү. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого караганда 667 746 кишиге көп.

Шайлоочулардын тизмеси tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды. (NT)

XS
SM
MD
LG