Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Бийликтеги партия президенттике Рахмондун талапкерлигин көрсөттү


Эмомали Рахмон Элдик-демократиялык партиянын лидери болуп 1998-жылы шайланган.
Эмомали Рахмон Элдик-демократиялык партиянын лидери болуп 1998-жылы шайланган.

Тажикстанда бийликтеги Элдик-демократиялык партия азыркы президент Эмомали Рахмондун талапкерлигин президенттикке көрсөттү. Мындай чечим партиянын 3-сентябрдагы отурумунда кабыл алынды.

Партиянын аткаруу комитетинин аппарат башчысы Абдурахмон Хонов «Азаттыктын» тажик кызматына жыйынга миңден ашык делегат катышып, күн тартибиндеги башкы маселе талапкер көрсөтүү, анын программасын бекитүү болгонун айтты.

Иш-чарага эркин журналисттер киргизилген жок жана ушундан улам Рахмон президенттикке дагы бир жолу көрсөтүлүп жатканы тууралуу кандай сөз сүйлөгөнү белгисиз.

Элдик-демократиялык партия 1994-жылы түзүлгөн жана анын баштапкы аталышы - Элдик партия болчу. Эмомали Рахмон партия лидери болуп 1998-жылы шайланган жана ошол жылы уюм аталышын өзгөрткөн.

Буга чейин Рахмондун талапкерлигин Эркин эмгек кошуундарынын федерациясы менен Тажикстандын жаштар биримдиги көрсөткөн.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат. Бул шайлоолордун баарында азыркы президент Эмомали Рахмон жеңген. Ал өлкөнү соңку 28 жылдан бери башкарып жатат.

Эл аралык коомчулук, Батыш мамлекеттери Тажикстандагы бир да шайлоого «эркин, ачык атаандаштык шартында, демократиялык принциптерге жараша өттү» деп баа берген эмес.

Тажикстанда президент жети жылга шайланат.

XS
SM
MD
LG