Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

«Актив» партиясына парламенттик шайлоого катышууга уруксат берилген жок


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Актив» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. 3-сентябрдагы жыйында ушундай чечим кабыл алынды. Буга аталган партиянын беш миллион сомдук күрөөнү убагында төлөбөгөнү жана талапкерлердин тизмесинде гендердик талап сакталбаганы себеп болду.

Партия төрагасы чечимге макул эмес экенин билдирди.

«Актив» партиясы 2012-жылдын 4-июлунда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат. (SE)

XS
SM
MD
LG