Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Тарыхчы: Сириянын Алеппо шаарына экскурсия уюштурула баштады


Алеппо, эски шаар.
Алеппо, эски шаар.

Сириянын Алеппо шаарындагы көркөм жайларга кайрадан экскурсия уюштурула баштады. ТАСС агенттиги бул тууралуу тарыхчы Абдурахим Кадурга таянып жазды.

«2016-жылы жоочуларды сүрүп чыгарышкан соң калаага келип, шаардын абалын көрүп ыйлагам. Бийлик анын баарын тазалап, жашоочулар кайтып келе башташты», - деди Кадур.

Тарыхый эстеликтерге бай Алеппо шаары террорчулар менен кагылыштарда кыйраган.

2016-жылы калаанын борбордук бөлүгү согушкерлерден тазаланганы менен жака-бели жоочулардын колунда кала берген. 2020-жылдын февралында өкмөт армиясы шаарды толугу менен өз көзөмөлүнө өткөргөн.

Сирияда 2011-жылы оппозиция менен президент Башар Асаддын бийлигинин ортосундагы тирештин фонунда террордук уюмдар да күч алып, бир кездери тарыхый жайлары менен таанылган өлкөдө канабайрам башталган. Миллиондогон тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG