Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:23

Көзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен китептер басылып чыкты


Брайл шрифти менен басылган жазууну окуп жаткан бала. Иллюстрациялык сүрөт.
Брайл шрифти менен басылган жазууну окуп жаткан бала. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарга арналган китептер басылып чыгарылды. Китептерди басып чыгарууну Билим берүү жана илим министриги каржылады.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, китептер 7-класстан баштап 11-класска чейинки окуучулар үчүн чыгарылды.

Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернатта жалпысынан 340 окуучу билим алат. Жыл сайын Бишкектеги атайын адистешкен көзү азиздер жана начар көргөндөрдүн мектебинен 10-12, Ошто 7-9 бүтүрүүчү аяктайт. Алардын 90% жогорку окуу жайга тапшырат.

Кыргызстанда Брайл шрифти менен жазылган китептер жетишсиз. Былтыр Кыргызстанда көзү азиздер үчүн Брайл шрифти менен «18» деген аталыштагы китеп «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылоосу менен чыгарылган. 2018-жылы «Плюс» коомдук фонду окуу куралдарын «Бирдей мүмкүнчүлүктөр» («Равные возможности») социалдык борбору менен чогуу видеоматериалдарды, ошондой эле мыйзам жана кодекстерди Брайл шрифти менен басып чыгарган.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Расмий каттоодо турган майыптардын сегиз миңден ашууну көзү азиз. (ZKo)

XS
SM
MD
LG