Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:12

Москвада «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери акцияга чыгышты


Москвадагы акцияга чыккандардын колундагы плакат. 4-сентябрь, 2020-жыл.
Москвадагы акцияга чыккандардын колундагы плакат. 4-сентябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдында бүгүн, 4-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери чогулуп, акция өткөрүп жатышат.

Партиянын Москвадагы өкүлү Мирлан Ураимов «Азаттыкка» акцияга 50дөй киши чыкканын билдирди. Чогулгандар «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКдан каттоодон өтпөй калганына нааразылык билдиришүүдө.

Алар партияны каттоодон өткөрүүнү талап кылып, «Сот, адилеттүү бол!», «"Бүтүн Кыргызстан" катталсын!» деген жазууларды көтөрүп турушат. Акция өтүп жаткан жерге келген Орусиянын полиция кызматкерлери плакаттарды алууну талап кылды.

Ураимов бул тынч акция экенин, чогулгандар талаптарын айткандан кийин 2-3 саат ичинде таркай турганын маалымдады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрыла турганын билдирген. (LzT/NT)

XS
SM
MD
LG