Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Бишкек-Ош жолундагы ири тоннелде жол кыймылы чектелет


Төө-Ашуудагы тоннел деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.
Төө-Ашуудагы тоннел деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

5-сентябрдан 30-сентябрга чейинки убакта Бишкек-Ош жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннел аркылуу автоунаалардын жүрүшү чектелет.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, буга тоннелдин ичине видеобайкоо системасын орнотуу иштери себеп болууда.

Тоннел күн сайын саат 8.00 - 9.30 чейин жана 14.00 - 15.30 чейинки аралыкта жабык болот. Калган убакта кадимкидей иштейт.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннел - Бишкек-Ош жолундагы жана жалпы эле Кыргызстандагы тоо тешкен тоннел жолдордун эң узуну. Тоннелдин узундугу үч чакырым.

Бишкек-Ош жолунун 129-132 -чакырымында, Төө-Ашуу ашуусунда, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы Түштүк Кореянын «Самсунг» компаниясы тоннелди реконструкциялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG