Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

ЕККУ Кыргызстандагы шайлоого байкоо салат


ЕККУ/БДПИЧ жетекчиси Томас Безеруп (ортодо) баштаган өкүлдөрү менен Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров (ондон экинчи) жетектеген топтун жолугушуусу. 4-сентябрь, 2020-жыл.
ЕККУ/БДПИЧ жетекчиси Томас Безеруп (ортодо) баштаган өкүлдөрү менен Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров (ондон экинчи) жетектеген топтун жолугушуусу. 4-сентябрь, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясына карабай, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз салуу үчүн байкоочуларын жиберүүнү чечти. Бул маалыматты бүгүн, 4-сентябрда уюмдун адам укуктары жана демократиялык институт бюросунун башчысы Томас Безеруп Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында ЕККУнун миссиясы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүш үчүн Кыргызстанга келди. Жалпысынан шайлоого ЕККУнун 24 узак мөөнөттүү жана 350 кыска мөөнөттүү байкоочулары көз салышат.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров ЕККУ өкүлүнө ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандагы парламенттик шайлоого эл аралык байкоочулар чакырылганын айтты.

ЕККУ Кыргызстандагы демократиялык жараяндарга колдоо көрсөтүп келет. Уюм ушуну менен 12-шайлоого байкоо жүргүзүүгө даярданууда.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер кылып каттады.

Шайлоого үгүт иштери бүгүн, 4-сентябрдан тартып башталды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG