Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Пара менен кармалганы айтылган УКМК кызматкери камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдиргендей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) пара менен кармалган кызматкери убактылуу кармоочу жайга камалды.

Финпол 4-сентябрда УКМКнын Ички коопсуздук башкармалыгы менен чогуу атайын кызматтын өкүлүн кармаганын билдирген.

Кармалган кызматкер пара талап кылган деп кабарланган. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн пара менен кармалган учурлары буга чейин да кездешкен.

XS
SM
MD
LG