Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз коому ашкере саясатташкан


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда КТРКнын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегинде бир катар суроолорго жооп берди.

Жээнбеков шайлоо жакындаган сайын көпчүлүк маселени саясий өңүттөн кароо аракети күч аларын белгиледи.

«Бул -табигый көрүнүш. Добуш алуу үчүн ар кандай жолдорго барышат. Негизинен эле биздин коом ашкере саясатташкан десем жаңылбайм го. Бизде кимиси болсо да саясаттан кеп салып, эксперттик пикир билдирүүгө даяр. Эл арасында айтылат эмеспи, жарды өлкөнүн эли саясатчы, бардар өлкөнүн эли саякатчы деп».

Сооронбай Жээнбеков ар аптанын ишемби күнү "Биринчи радиого" маек берип келет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. (NT)

XS
SM
MD
LG