«Саясий репрессияга каршылык комитети» 6-сентябрда билдирүү таратып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын шайлоодон четтетилишин саясий чечим деп атады. Кыймыл жарышка коё берилген башка партиялар деле «Бүтүн Кыргызстан» партиясы кетирген жана андан да олуттуу кемчиликтери болсо да, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аларды шайлоого талапкер кылып каттады деп эсептейт.
Билдирүүдө: «Бул жерде кош стандарттуулук ачык эле көрүнүп турат. Шайлоо эркин, ал эми анын жыйынтыгы мыйзамдуу болушу үчүн жарыш атаандаштык негизинде өтүшү керек. Болбосо элдин нааразылыгы күчөп, азыр Беларустагыдай көчөгө чыгат» деп жазылган.
«Саясий репрессияга каршылык комитети» БШК бул кадамы менен дагы эле Ак үйдүн таасиринен чыга албаганын көрсөттү деп билдирип, жарандык коомду жана маалымат каражаттарын шайлоо процессине көзөмөл кылууга чакырган.
БШК кыймылдын билдирүүсүнө комментарий бере элек.
БШК 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратып, муну мыйзамда көрсөтүлгөн айрым талаптар бузулгандыгы менен негиздеген. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган.
Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды. (ZKo)