Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:56

«Социал-демократтар» партиясы «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоодон четтетилишин сындады


«Социал-демократтар» партиясы «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоодон четтетилишин сындады. Партия бул тууралуу 7-сентябрда тараткан билдирүүсүндө маалымдады. Анда «Социал-демократтар» саясий партиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоо жарышынан чыгарып салуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин кескин сындай турганы жазылган:

«Олуттуу электораты бар абройлуу оппозициялык партиянын шайлоо жарышынан четтелиши келечектеги парламенттин легитимдүүлүгүнө жана анын сапатына терс таасирин тийгизет. Бийликтин аракеттерине сын айткан саясый күчтөрдүн жана алардын электоратынын үнү парламентте угулбай калышы жалпы бийлик бутактарына элдин ишенимин азайтат».

«Социал-демократтар» партиясы өз билдирүүсүндө бардык бийлик бутактарын шайлоонун калыс өтүшүнө салым кошууга чакырган. Ошондой эле ачык, таза шайлоону камсыз кылыш үчүн оппозиция-позиция деген кош стандарттуулукту токтотууну, «Бүтүн Кыргызстан» партиясына карата калыс чечим чыгарууну талап кылган.

БШК 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган. Партиянын арызы 7-сентябрда каралары маалым болгон.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо жарышынан четтетилишин «саясий чечим» деп эсептегендердин катарында «Реформа» саясий партиясы бар. Андан тышкары «Саясий репрессияларга каршылык комитети» да «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясын шайлоодон четтеткен БШКны «кош стандартуулукка жол берди» деп сындаган.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG