Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Евробиримдик менен Брекзит боюнча келишим 15-октябрга чейин болушу зарыл экенин, андан кеч калса такыр болбой калышы ыктымал экенин эскертти.
Премьер-министрдин билдирүүсүндө: «Эгер биз ошол мөөнөткө чейин макулдаша албасак, анда ортодо эркин соода болору тууралуу да келише аларыбызга көзүм жетпейт» деп жазылган.
Жонсон эгер Евробиримдик менен келишим болбосо, соода мамилеси толук Британиянын талаптары боюнча жүргүзүлөрүн билдирди. Ал Британия Евробиримдик менен бардык маселелер: аба каттамдары, жүк ташүү жана илимий кызматташтык боюнча да келишимге барууга даяр экенин кошумчалап, бирок мунун баары эркин соода алмашуу тууралуу келишими жок, өнөктөш катары гана ишке ашарын эскертти.
Британия менен Евробиримдиктин сүйлөшүүлөрү шейшембиде башталууга тийиш, бирок жергиликтүү маалымат каражаттары тараптардын ортосунда келишпестиктер көп экенин жазып чыгышты.
Брекзиттен кийинки өткөөл мезгил быйыл 31-январдан башталган, 31-декабрга чейин уланат. Бул убакытта Евробиримдик менен Британия келечектеги мамилесин макулдашууга тийиш. Тараптардын макулдашуусун талап кылган негизги маселе - жаңы соода келишими. Британия өткөөл мезгилди узартууга каршы чыгып, биримдиктин курамынан 1-январдан тартып чыгууну көздөөдө.
2016-жылдын 23-июнунда өткөн референдумда британ шайлоочуларынын 52% Евробиримдиктен бөлүнүүнү колдогон.
Брекзиттен улам эки премьер-министр, тактап айтканда референдум өткөрүү тууралуу биринчи болуп демилге көтөргөн Дэвид Кэмерон, андан кийин биримдик менен келишимди парламенттен бир нече жолу өткөрө албаган Тереза Мэй кызматтан кеткен.
Британиянын экономикасы солгундап, улуттук валюта - фунт стерлингдин куну качты.