Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

Ошто Кең-Сай конушунда чыккан өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок 


Өрт чыккан имарат.
Өрт чыккан имарат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, Ош шаарындагы Кең-Сай массивинде 6-сентябрда чыккан өрт түнкү саат тогуз жарымда чектөөгө алынып, үч сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн. Өрттөн жабыркагандар жок.

ӨКМдин маалыматы боюнча, өрттүн жалпы аянты болжол менен 686 чарчы метрди түздү. Ал айылда жайгашкан кездеме ишканасынын эки кабаттуу имаратынан чыккан. Аны өчүрүүгө ӨКМден жети бөлүм, бир автошаты, 10 куткаруучу, ыкчам штаб, кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу жана беш суу ташуучу автоунаа тартылган.

Андан сырткары бир «Тез жардам» машинеси жана 25 милиция жеринде болду. Учурда өрттүн себеби жана зыяны такталууда. (DU)

XS
SM
MD
LG