Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, кырсык 7-сентябрга караган түнү Бишкек-Ананьево-Каракол автожолунун 65-чакырымында (Сары-Ой айылы) болгон.
Куткаруучулардын айтымында, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кетип, бетон тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 29 жаштагы бир эркек киши каза болду. Ушул эле курактагы эки эркек жараат алып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилди.
Каза болгон адамдын сөөгүн куткаруучулар машинеден чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталган. Бул 2018-жылга салыштырганда 12,3% көп болгон. (RK)