Шашылыш билдирүү
8-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Аба ырайы
8-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 17…22;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, чыгышында 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 24…25 градус болот.