Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Кыргызстан COVID-19ду жаңы протокол боюнча дарылоого өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирусту дарылоонун кезектеги – төртүнчү протоколу бекитилип, колдонула баштады. Бул тууралуу 7-сентябрда өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, дарылоонун эң жакшы ыкмалары камтылган бул клиникалык колдонмо эл аралык тажрыйбанын жана алдыңкы илимий изилдөөлөрдүн негизинде иштелип чыккан.

«Төртүнчү протоколдун өзгөчөлүгү – ичинде көп багыттагы кеңештер, дарылоо ыкмалары бар. Мисалы, ооруканада жаткан бейтапты, оорусу жеңил болгондуктан үйдөн дарыланып жаткандарды, кошумча илдети барларды, кичине балдарды кандай дарылаш кере? Реабилитация боюнча да өзүнчө бөлүм бар», - деди ал.

Башкы пульмонолог кошумчалагандай, бул протоколду дарыгерлерге жеткирүү максатында азыр окутуу уюштурулуп жатат. Жер-жерлерде ооруканалар жаңы протоколдун негизинде иштей башташты.

Сооронкулов коронавирустан өз алдынча дарылануунун кесепети оор болорун, дарыгердин гана айтканын угуш керек экенин, антибиотиктер жана гормоналдык препараттар коронавирусту дарылай турган негизги дары эмес экенин белгилеп, реабилитация маселесине өзгөчө көңүл буруу зарыл болорун кошумчалады.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 миң 458 адамга жукту, алардын 39 миң 960ы айыкты, 1061и каза болду.

Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 601 бейтап ооруканаларда, үч миңдей бейтап үйүндө дарыланууда.

Клиникалык протокол – медицина мекемесинин бейтапты тигил же бул илдеттен дарылоодо таянып иштей турган нормативдик документи. (RK)

XS
SM
MD
LG