Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Сот БШКнын чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстандын» арызын карап жатат (видео)


Бишкектин Административдик сотунун алдында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери чогулуп турушат. 2020-жылдын 7-сентябры.
Бишкектин Административдик сотунун алдында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери чогулуп турушат. 2020-жылдын 7-сентябры.

Ушу тапта Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы арызы карап жатат. Ишти судья Анар Эгембердиева карап, партиянын кызыкчылыгын адвокат Юлия Богданова коргоодо.

Сот жараянына «Бүтүн Кыргызстандан» саясатчылар Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Суваналиев, Исхак Масалиев, Зияддин Жамалдинов катышып жатышат.

Адвокат Богданова бул иш боюнча күбө катары БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматованы, Кайрат Осмоналиевди, Акылбек Эшимовду жана аппаратынын бир нече кызматкерин чакыруу жөнүндө өтүнүч келтирди.

Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.

Сот жараянына журналисттер катышууда. Аларга жараянды видеого тартууга уруксат берилген жок.

Сот имаратынын алдына чогулган «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери сотту калыс чечим кабыл алууга чакырууда. Чогулгандардын арасында шайлоого талапкер катары катышып жаткан «Чоң Казат», «Социал-демократтар», «Мекенчил» саясий партияларынын өкүлдөрү да бар.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG