Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:04

9-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Кегети.
Кыргызстан. Кегети.

9-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 21…26;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градус болот.

XS
SM
MD
LG