Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Боронов: Арам акчаны адалдоо коркунучу сакталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кылмыш жолу менен табылган акчаны мыйзамдаштыруу Кыргызстан үчүн кооптуу көрүнүш бойдон кала берүүдө. Бул тууралуу 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов Финансылык чалгын кызматында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтты.

Өкмөт башчы кийинки убакта террорчулукту каржылоого жана кылмыш аркылуу табылган акчаны мыйзамдаштырууга каршы күрөштө айрым ийгиликтер бар болуп жатканын, бирок коркунуч дагы эле сакталып турганын, андыктан бул багытта заманбап жана натыйжалуу ыкмаларды колдонуп иштөө керек экенин белгиледи.

Быйыл Кыргызстанда Финансылык чалгын кызматы түзүлгөнүнө 15 жыл болду.

Боронов куттуктоо катында бул мекеменин иши өлкөнүн каржылык коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн маанилүү экенин айтты.

Финансылык чалгын кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, 2008-жылдан бери каржы мекемелеринен түшкөн маалыматтар эки эсе көбөйүп, 2019-жылы бир миллиондон ашкан. 2018-жылы жалпылаштырылган 91 материал укук тартибин коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Кыргызстанда адалданган арам акча Бириккен Араб Эмираттарындагы, Европадагы, Кошмо Штаттардагы банк эсептерине жана кыймылсыз мүлк алууга кеткени тууралуу маалыматтар «Азаттыктын» атайын иликтөөлөрүндө бир нече жолу айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG