Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Фучик паркы мэриянын карамагына толук өттү


Фучик паркы. Архивдик сүрөт.
Фучик паркы. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш калаадагы Юлиус Фучик атындагы парк толугу менен мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу 8-февралда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, эми каттоо иштери жүргүзүлөт.

Жалпы аянты 7,41 гектарлык парк 1995-жылы өкмөттүн токтому менен шаар башкармалыгына өткөрүлгөн. Кийин курулушу бүтпөй калган кинотеатрдын 13 337 чарчы метр аянты жеке менчикке өтүп кеткен.

Мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгы жерди сатуу-сатып алуу тууралуу келишимдерди жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч менен Ленин райондук сотуна кайрылган. Сот шаар бийлигинин өтүнүчүн толук канааттандырган. Шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырды.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары көптөгөн мамлекеттик жайлар жеке колго өтүп кеткен. Кийинки жылдары алардын айрымдары сот аркылуу кайра мамлекетке өткөрүлүп берилүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG