Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы май айында келип түшкөн арыз ар тараптуу териштирилип жатканы тууралуу маалымат таратты. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин да ысымы аталган арыз Жоруктар кодексинин 186-беренеси («Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу») боюнча катталып, сотко чейинки териштирүүгө алынган.
Маалыматка караганда арыз менен милицияга 30-майда Н.А. Абдрахманов аттуу жаран кайрылган. Анда арыздануучу «Фейсбук» социалдык баракчасынын «Акыйкат kg» тобуна «Малика Асылбек кызы» жана «Кайрат-Кунтуу» (К.Осмоналиев) деген аккаунттар аркылуу 2020-жылы 3-майда арыздануучунун жана анын кесиптештеринин ар-намысына шек келтирген, такталбаган маалымат таратканын жазган.
Райондук милиция арыздын кеч каралып жатышын эпидемиологиялык кырдаалга байланыштырган.
БШКнын мүчөсү Кайрат Омоналиев бул жагдай тууралуу «Азаттыкка» төмөнкүдөй комментарий берди:
«Мен «Фейсбукта» бир постту бөлүшүп койгон элем. Ошол үчүн менин үстүмөн милицияга арыз түшүптүр. Азыркы кодекс боюнча бардык арыздар бирдиктүү реестрге катталып, автоматтык түрдө сотко чейинки териштирүүгө алынат. Мен болсо май айында жазылган арызга байланыштуу суракка сентябрда чакырылдым. Тергөө башкармалыгы менин ишимде кылмыш жок экенин билдирди».
Кайрат Осмоналиев суракка чакырылганын саясий себептерге байланыштырарын кошумчалады. Ал муну жакында эле БШКнын отурумунда оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясын жактаганы үчүн атайылап жасалган болушу ыктымал экенин айтууда.
БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан.
Ага чейин БШК «Бүтүн Кыргызстандын» жыйынында бекитилген тизме өзгөртүлүп калганы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун арызын караган болчу. Маселе каралып жаткан учурда БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев партияны жактап, Турсунбай Бакир уулун «саясий буюртма аткарып жатат» деп айыптаган. (ZKo)