Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Кара-Кулжада жаңы мектеп салынды


Президент Жээнбеков Нарын районундагы Кеңеш айылына курулуп жаткан мектептин курулушу менен таанышууда. Август, 2020-жыл.
Президент Жээнбеков Нарын районундагы Кеңеш айылына курулуп жаткан мектептин курулушу менен таанышууда. Август, 2020-жыл.

Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылында Бегитаев атындагы орто мектептин курулушу аяктап, жаңы окуу жылында пайдаланууга берилди.

Эки кабаттуу, 16 бөлмөдөн турган, 200 орундуу мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Жаңы мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 39 млн. 137 миң сом бөлүнүп, толугу менен төлөнүп берилген. Курулушту «Изоэл» ишканасы жүргүздү.

Бегитаев атындагы орто мектептин эски имараты 1978-жылы курулган. Мектепте 177 бала окуйт, 21 мугалим эмгектенет.

Өкмөттүк комиссия былтыр Кыргызстан боюнча 245 мектеп авариялык абалда деп тапкан. Анын 117синин ордуна республикалык бюджеттин, чет элдик фонддордун жана Бишкек, Ош мэрияларынын эсебинен жаңы мектептер курулат.

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, 2020-жылы бекитилген тизме боюнча республикалык бюджеттин эсебинен авариялык өтө оор абалдагы 29 мектептин имараты жаңыланып, курулушу жүрүп жатат. Жыл аягына чейин 11 мектеп бүтөт. Мындан тышкары коррупция менен күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 15 мектептин кошумча корпустары курулууда.

Кыргызстанда 2200дөн ашуун мектепте бир миллиондон ашуун окуучу билим алат. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG