Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:51

Президент эки күн Ош облусунда болот


Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумуш сапары менен Ош облусуна барды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө аймактарын кыдыруусун улантып, Жээнбеков 9-10-сентябрда Ош жергесинде болот.

Ош шаарында жана Кара-Суу районунда президент билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, айыл чарба жана өнөр жай ишканаларын кыдырат. Сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Буга чейин Жээнбеков Ош облусуна иш сапары менен июнь айында барган. Өткөн аптада Чүй, ага чейин июль айынан бери Талас, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарын кыдырган. (RK)

XS
SM
MD
LG