Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Евробиримдик Кыргызстандын юстиция тармагын реформалоого 12 миллион евро бөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги Кыргызстандын юстиция тармагын реформалаш үчүн 12 миллион 690 миң евро бөлүп бермей болду. Бул тууралуу 9-сентябрда Юстиция министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт «Юстиция бардыгы үчүн: Кыргыз Республикасынын юстиция секторунда адамга багытталган реформаны киргизүү (JUST4ALL)» долбоору боюнча каржылык макулдашууну жактырды.

Бул макулдашуунун алкагында Европа Биримдиги каржылай турган долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү сегиз жыл болот.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, укук үстөмдүгүн өнүктүрүү, мониторинг жүргүзүү, пробация институтун калыптандыруу, оор эмес кылмыш кылган адамды сөзсүз камоонун ордуна аны түз жолго багыттоо боюнча альтернативалуу чараларды иштеп чыгуу, буга сотторду, прокурорлорду, адвокаттарды жана милицияны үйрөтүү иши жүрөт. Кылмыштарды каттоонун адам укугун коргоого багытталган жаңы ыкмалары даярдалып, Башкы прокуратуранын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистика жүргүзгөн кызматкерлеринин иш жөндөмү жакшыртылат.

2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда «Пробация жөнүндө» мыйзам иштей баштаган. Ага ылайык, анча оор эмес кылмыш кылган адамга камалбастан оңолууга мүмкүнчүлүк берилет, эгер андайга көнбөсө түрмөгө жөнөтүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG