Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Ирандык-британиялык гуманитардык кызматкерге дагы айып коюлушу мүмкүн


Назанин Загари-Рэтклифф.
Назанин Загари-Рэтклифф.

Британ жана Иран жараны, гуманитардык кызматкер Назанин Загари-Рэтклиффке жаңы айып коюлушу ыктымал. Ирандын мамлекеттик телеканалы аты аталбаган расмий адамга шилтеме менен Загари-Рэтклифф шейшембиде Тегеран сотуна чакырылганын жана ага жаңы айып тууралуу маалымат берилгенин кабарлады. Мындан башка маалымат берилген жок, Загари Рэтклиффтин адвокаты комментарий бере элек. Бирок Лондон парламентинин мүчөсү Түлип Сыддык анын «сотко жеткирилгенин, 13-сентябрда дагы бир процесс башталары айтылганын» «Твиттерге» жазды.

«Thomson Reuters Foundation» уюмунун менежери Загари-Рэтклифф 2016-жылдын апрелинде кызы менен Британияга кайтып баратканда Тегеран аэропортунда кармалган. Ислам Республикасынын диний жетекчилигин төңкөрүү кутумуна катышкан деп күнөөлөнүп, түрмөгө кесилген. «Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму сот жараянын «абдан адилеттүү эмес» деп атаган.

Быйыл мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу Тегерандагы айтылуу Эвин түрмөсүнөн убактылуу бошотулуп, бирок өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Британия Загари-Рэтклиффти жана кош жарандагы бар башка туткундарды коё берүүнү талап кылууда. Тегеран кош жарандыкты тааныбайт.

XS
SM
MD
LG