Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Кыргызстанда коронавирустан 16 кош бойлуу аял каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу 9-сентябрда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. Маалыматка караганда, алардын абалы оор болгондуктан дарылоого карабастан каза болуп калышкан.

COVID-19 вирусу жуккан кош бойлуу аялдардын арасынан жеңил абалдагы оорулуулар үй шартында, орточо жана оор абалдагы бейтаптар Бишкектеги №2 төрөт үйүндө дарыланып жатышкан.

Вирустун катталуусу азайгандыгына байланыштуу алар азыр жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланышууда. Ушул күнгө чейин 536 боюнда бар аял сакайып чыккан.

Республикалык штаб кош бойлуу аялдарды диагностикалоо жана дарылоо көрсөтмөлөрү өзгөртүлгөнүн кабарлады.

Коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 613 адамга жукту, алардын 40 336сы айыкты, 1063 бейтап каза болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG