Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Бажы кызматы: автоунааларды мыйзамсыз ташыган кылмыштуу схема аныкталды


Бишкектеги автоунаа базары.
Бишкектеги автоунаа базары.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы өлкөгө автоунааларды мыйзамсыз ташып кирүү жана жасалма документтерди колдонуу менен аларды каттоо боюнча эл аралык туруктуу кылмыштуу схема аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул иш боюнча 113 материал табылып Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Машинелерди мыйзамсыз ташып келүүдөн мамлекеттин бюджети 258 млн. 544 миң сом зыян тарткан.

Кылмыштуу топ үчүнчү өлкөлөрдөн машине сатып алып, анын идентификациялык маалыматтарын ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттин аймагында турган башка кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө Интернеттен жөнөткөн. Анын мүчөлөрү ЕАЭБ мамлекеттеринин транспорттук каражаттарын каттоо жөнүндө жасалма күбөлүктү жана башка документтерди даярдашкан.

Андан кийин документтер Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Жасалма документтердин негизинде машинелерди Кыргызстанга иш жүзүндө өткөрбөстөн эле мамлекеттик каттоо органдын айрым кызматтык адамдарынын катышуусу менен мамлекеттик каттоо номерлүү белгиси жана Кыргызстандын каттоо жөнүндө күбөлүгү алынган.

Документ андан ары үчүнчү өлкөлөрдө турган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. Алар жасалма документ менен автоунааларды ЕАЭБдин товары катары биримдиктин аймагына тоскоолдуксуз өткөрүп турушкан.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү жасалма декларациянын негизинде жок эле адамдарга, түрмөдө отурган кишилерге машинени мыйзамсыз каттаган фактылар бар. Бул фактылар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) өткөрүлүп берилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG