Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Ата-энелер үчүн жазылган китеп жарык көрдү


«Балдар тарткан сүрөттөр эмнени түшүндүрөт?» китеби.
«Балдар тарткан сүрөттөр эмнени түшүндүрөт?» китеби.

Ата-энелерге бала тарбиялоонун сырларын кыргыз тилинде баяндаган китеп жарык көрдү. Бишкекте басылып чыккан «Балдар тарткан сүрөттөр эмнени түшүндүрөт?» китебинин автору - түрк жазуучусу Илхами Саваш. Бул тууралуу 9-сентябрда «Азаттык» радиосуна «Баластан» интерактив журналынын башкы редактору Жаныбек Абидетегин билдирди.

Китепти кыргыз тилине Кызжибек Чаткалбай кызы жана Айсулуу Койчубек кызы которушкан.

Түрк жазуучусунун эмгеги ата-энеге баласынын психологиялык калыптануусун таанып, руханий дүйнөсүн байытууга жардам берет.

Быйыл 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргызстан балдарынын алгачкы онлайн саммити өткөн. Анда адистерден тышкары балдар өздөрү өспүрүмдөрдүн маселелери тууралуу кеп козгоп, «Балдарга карата зордук-зомбулукту кантип токтотуш керек? Кыздарды эртелеп турмушка узатуу туура эмес. Карантин балдардын жашоосун кантип өзгөрттү? Биз жакшы мектепте окугубуз келет» деген маселелерди көтөрүп чыгышкан. (MSd)

XS
SM
MD
LG