Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Президент Жээнбеков Тажикстандын элине куттуктоо жиберди


«Улуттар сарайы». Дүйшөмбү шаары. Тажикстан.
«Улуттар сарайы». Дүйшөмбү шаары. Тажикстан.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду жана тажикстандыктарды эгемендик күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында:

«Көз каранды эместикке ээ болгон күндөн тартып, Тажикстан сиздин акылман жетекчилигиңиз астында социалдык-экономикалык багытта олуттуу ийгиликтерге жетишти. Кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерибиз эки мамлекеттин ортосундагы пайдалуу кызматташтыктын мындан ары да кеңейишине олуттуу түрткү берет деген ишенем. Боордош элдерибиздин бактылуу келечеги жана тынчтыкта жашоосу үчүн коюлган максаттарга жетиш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алабыз деп үмүттөнөм», деп жазылган.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго бекем ден соолук, бакыт, ишине ийгилик, ал эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Тажикстанда 9-сентябрь - Эгемендик күнү.

29 жыл мурун, 1991-жылы, 9-сентябрда Тажикстандын Жогорку Совети өлкөнүн өз алдынчалыгы тууралуу декларация кабыл алган. Документке Жогорку Советтин ошол кездеги төрагасы, президенттин милдетин аткаруучу Кадриддин Аслонов кол койгон. Ошону менен тажик элинин тарыхындагы жаңы баракча ачылган.

Эгемендик алгандан көп өтпөй Тажикстанда жарандык согуш башталган. Беш жылга жакын убакка созулган согушта 150 миңдей адам каза болгон, миллионго жакын адам үй-жайынан качууга мажбур болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG