Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Кыргыз-тажик тышкы иштер министрлери чек ара маселесин талкуулоонун маанисин белгилешти


Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков (солдо) жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин. Москва шаары. 9-сентябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков (солдо) жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин. Москва шаары. 9-сентябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Москвага иш сапарынын учурунда, 9-сентябрь күнү Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту.

Жолугушуунун башында Айдарбеков кесиптешин Тажикстандын Көз каранды эместик күнү менен куттуктап, өлкөгө бакубаттык жана өнүгүү каалады.

Андан тышкары тараптар өз ара кызматташуу, чек арадагы абал, чек арадагы кызматташтыкты бекемдөө жана түрдүү чагымчылдыктарга жол бербөө тууралуу сүйлөштү. Жолугушууда эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөт аралык жумушчу топтордун жолугушуусу кечеңдеп жатканы, буга коронавирус себеп болгону белгиленди. Ошондой эле жумушчу топтордун жолугушуусун жакын арада уюштуруу маанилүү экени айтылды.

Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери аймактык кызматташтыктын маанилүү маселелери жана эл аралык уюмдардын алкагында чогуу аракеттенүү жөнүндө сүйлөштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тажикстанда 9-сентябрь - Эгемендик күнү.

29 жыл мурун, 1991-жылы, 9-сентябрда Тажикстандын Жогорку Совети өлкөнүн көз карандысыздыгы тууралуу декларация кабыл алган. Документке Жогорку Советтин ошол кездеги төрагасы, президенттин милдетин аткаруучу Кадриддин Аслонов кол койгон. Ошону менен тажик элинин тарыхындагы жаңы баракча ачылган.

Эгемендик алгандан көп өтпөй Тажикстанда жарандык согуш башталган. Беш жылга жакын убакка созулган согушта 150 миңдей адам каза болгон, миллионго жакын адам үй-жайынан качууга мажбур болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG