Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырды (видео)


«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери соттун алдында. 7-сентябрь, 2020-жыл.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери соттун алдында. 7-сентябрь, 2020-жыл.

Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын канагаттандырды. Мындай чечимди судья Анар Эгембердиева 9-сентябрда кечинде чыгарды:

«Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын».

Партиянын лидери Адахан Мадумаров судьяга жана сот имаратынын сыртындагы тарапкерлерине ыраазычылык билдирди.

Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы доо арызын 7-сентябрда баштаган.

9-сентябрдагы отурумда арыздануучу тараптын өтүнүчү боюнча БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова көрсөтмө берди.

Партиянын тарапкерлери эки күндүк сот жараянында сот имаратынын сыртында сот адилеттигин талап кылган акция уюштурушту.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» өз талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG