Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Ошто жол кырсыгынан эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя бүгүн 10-сентябрда Кара-Суу районунда болгон.

Кызыл-Кыштак айылынын Осмонов көчөсүндө «Daewoo Nexia» автомашинасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Натыйжада машинанын ичиндеги 25 жаштагы бир эркек каза болуп, дагы ушул эле курактагы төрт адам жараат алган. Алардын бири ооруканага жетпей, жолдо үзүлгөн.

Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн машинеден чыгарып, жабыркагандарды ооруканага жеткиришти.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы болгон. Бул 2018-жылга салыштырганда 12,3% көп. (RK)

XS
SM
MD
LG