Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттам 17-сентябрда ачылат


«Манас» аэропорту. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамды кайрадан калыбына келтирүү маселеси чечилди. Бул тууралуу 10-сентябрда «Азаттыкка» Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, учактар алгач жумасына эки жолу 17-сентябрда каттай баштайт. Сентябрдын экинчи жарымында Өзбекстанга да учактар туруктуу негизде каттай баштамак болду.

«Казакстан менен туруктуу каттам 17-сентябрда ачылат. Астана-Алматы-Бишкек каттамын азырынча жумасына эки жолу деп жатабыз. Кийин көбөйтөбүз. Өзбекстан менен да сүйлөшүлдү. Болжол менен 15-сентябрда Ташкент-Бишкек каттамы ачылат», - деди ал.

Акышев билдиргендей, азырынча Орусия менен туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү маселеси чечиле элек.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жазында чек аралар жабылып, бардык туруктуу авиакаттамдар токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана кыргызстандыктарды мекенине жеткирген чартердик каттамдар уюштурулуп жатты. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG