Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:52

Колесникова беларус бийлиги аны «өлтүрөбүз» деп коркутканын айтып берди


Мария Колесникова.
Мария Колесникова.

Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесникова бийлик аны күчтөп депортация кылууга аракеттенгенде башына мүшөк кийгизип, «өлтүрөбүз» деп коркутканын айтып берген. Бул жөнүндө Tut.by эркин маалымат сайты анын адвокаты Людмила Казакка таянып жазды. Анын айтымында, Колесникова бийликке, анын ичинде КГБге каршы укуктук аракет көрүүнү көздөп жатат.

Оппозиционерди жана оппозициядагы Координациялык кеңештин дагы эки мүчөсүн 7-сентябрда Минскинин борборунан белгисиз бирөөлөр машинеге салып кетишкен.

Эртеси Украина менен чек арага алып барып ал өлкөгө өтөрүн айтышкан. Чек арадагы ээн жерге жеткенде Колесникова депортацияга жол бербеш үчүн паспортун айрып салгандан кийин аны кармоочу жайга жеткиришкен. Калган экөө Украинага кеткен.

Колесникова президенттикке талапкер, камакта отурган Виктор Бабариконун шайлоо штабынын өкүлү. 9-августтагы шайлоо алдында катталбаган талапкер Валерий Цепкалонун жубайы Вероника Цепкало жана президенттикке талапкер Светлана Тихановская менен бирдиктүү үгүт жүргүзүп келген. Ал үчилтиктин өз өлкөсүндө калган акыркы мүчөсү болчу.

Адвокаты Колесниковага «Бийликти басып алуу аракети» деген берене боюнча айып коюлганын айтып, денесиндеги көгала тактарды текшерүүнү талап кыларын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG