Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Балдарды тобу менен үйүндө окутуп жатканы талкууга түшкөн мугалим жардам алды


Башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимова.
Башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимова.

Окуучуларын өз үйүнөн окутуп жаткан сүрөтү Интернетте тарап, кызуу талкууга түшкөн баткендик мугалимге ноутбук тапшырылды. Бул тууралуу 10-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Баткен районунун Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Миргүл Эшимовага ноутбукту министр Каныбек Исаков өз акчасына сатып берди.

8-сентябрда Интернетте беткапчан 17 окуучу бир чакан бөлмөдө жер төшөктөргө отуруп алып сабак окуп жаткан сүрөт тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Балдар үйдө окуп жатканы тууралуу «Твиттерге» жарыяланган сүрөт.
Балдар үйдө окуп жатканы тууралуу «Твиттерге» жарыяланган сүрөт.

Министрлик сүрөттүн аныктыгын тастыктап, мугалим окуучуларын аралыктан окуунун жол-жобосун түшүндүрүш үчүн гана үйүнө чогултканын маалымдаган. Мугалимдин өз кесибине болгон сүйүүсүнө, балдарга билим берүүгө умтулуусуна жана аракетине жогору баа берерин белгилеген. Муса Кадыров атындагы мектеп чек арада, райондук борбордон 50 чакырым алыс жерде жайгашканын, сүрөт 2-сентябрда тартылганын, ата-энелерде аралыктан окуу боюнча суроолор пайда болгондуктан, 15 мүнөттүк сабак гана өткөнүн маалымдаган.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу быйылкы жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин көпчүлүк мектептерде аралыктан уюштуруу тууралуу чечим кабыл алынган. Мектептер сабакты түрдүү интернет-платформалар аркылуу өткөрүп жатышат. Бирок тийиштүү техникалык каражаты жоктор үчүн бул ыкма кыйынчылык жаратып жатканын ата-энелер айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG