Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Министр тергөө иштерин мөөнөтүнөн кечиктирбөөнү талап кылды


Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чүй милициясынын ишин текшерди.

Милицияда козголгон кылмыш иштери мөөнөтүнөн кечиктирилбей тергелип турушуна көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чүй облусундагы кызматкерлер менен жолукканда айтты.

ИИМдин басма сөз кызматы 11-сентябрда кабарлагандай, министр элден түшкөн арыздарга өз убагында жооп берип, мыйзам чегинде чара көрүү жагына да көңүл буруш керек экенин айтты. Жер-жерлердеги жетекчилерден ар дайым кызматтык ишмердүүлүгүн жакшыртып турушун талап кылды.

Министр Жунушалиев 4-октябрда өтө турган кезектеги парламенттик шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдык иштеринен кабар алды. Кызматкерлердин мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча даярдыгын сурап, аларды ар бири билиши зарыл экенин эскертти.

ИИМдин жетекчиси Чүй облустук милициясынын имаратында жайгашкан «Бирдиктүү терезе» борборунун ишин көрүп, андан кийин Аламүдүн, Ысык-Ата райондоруна, Токмок шаарына барды.

Кыргызстанда тергөө абактарында адамдар өтө көп экенин, алардын айрымдары күнөөсү далилдене элек болсо да айдап-жылдап камакта отурганын, тергөө да, сот да создуккан учурлар бар экенин укук коргоочулар айтып жүрүшөт. Мындай көйгөй актуалдуу экени президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 8-февралында өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында да белгиленген.

Быйыл 4-октябрда өлкөдө кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Азыр үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG